Жылнаама, 10-май: Мындан 9 жыл мурун Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Рысбек Акматбаевди атып кетишкен

* Мындан 83 жыл мурун, 1932-жылы КРнын Эл артисти, таланттуу актёр, режиссёр, төкмө акын Орозбек Кутманалиев Сокулук районунун Шалта айылында туулган. 1971-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп иштөөдөн баштаган. 1965-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылы Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында дубляж боюнча режиссёр болуп ишке кирген. 
А.Осмонкул, А.Айталиев, Ы.Борончиев, Т.Тыныбеков, О.Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк өнөрүн улантып, айтышты өнүктүрүп келген. "Ак Мөөр", "Карагул ботом", "Курманбек" дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комузда өзү коштоп чебер аткарган. Орозбек Кутманалиев "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Айдай кызга" ж.б. обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон. 
"Сүйүү жаңырыгы" тасмасында Бектемирдин, "Ак кемеде" Орозкулдун, "Фудзиямадагы кадыр түндө" Арзыматтын, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көл" киносунда Сабырбектин, "Эл арасында" фильминде Кубаттын, "Уркуяда" Куландын, "Ак илбирстин тукумунда" жарчынын ж.б. ролдорун аткарган. 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.
 
* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы улуттук акча бирдигибиз – сом айлантууга киргизилген. Кыргызстан шериктеш өлкөлөрдүн арасынан биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган. Кыргыз валютасы "сом" деп аталып, ал адегенде 1, 5, 20 сомдук банкнот түрүндө чыгарылган жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акчалар колдонууга киргизилген. 1 АКШ доллары 4 сомго бааланып, сомдун сатып алчу наркы жогору турган. Адистердин айтымында, улуттук валютанын кабыл алынышы эгемен өлкө үчүн революциялык тагдыр чече турган кадам болгон.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Рысбек Акматбаевди атып кетишкен. Рысбек Акматбаев мечиттен чыгып келатканда аны көздөй белгисиз бирөөлөр ок жаадырышкан. Акматбаев ошол жерден кайтыш болгон. Атылган октон дагы эки өспүрүм бала жарадар болгону айтылган. ИИМ атышуу болгон жерден 31 октун гильзасы табылганын маалымдаган. Бирок Рысбек Акматбаевдин сөөгү укук коргоо органдары баргыча алынып кетип, аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү иштери окуя болгон күнү ишке ашырылган эмес. Рысбек Акматбаевдин сөөгүн дароо туулган айылына алып кетишкени белгилүү болгон.
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы атактуу орус журналисти, ОРТнын биринчи башкы директору Владислав Листьев Москвада туулган. Ал бүтүндөй СССР элине “Көз караш”, “Кереметтер талаасы”, “Тема” берүүлөрүнүн алып баруучусу катары таанымал болгон. 
Владислав Листьев 1995-жылы 1-мартта 38 жашында киши колдуу болуп көз жумган.
10-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kalybek96
2015-05-09 21:15:03
Рысбек мыкты жигит болчу
+6
SHATY
2015-05-09 22:37:29
Рыспек байкени баатыр десек жарашат. Акыйкаттыкты катуу карманган лидер эле (((
+5
bom.bon
2015-05-10 03:13:08
Кыргызым кыргызстаным деп куйгондор кылмышкер болуп аталып калышы жаманда!
+4
akniet7baiken
2015-05-10 08:41:06
Кыргызстанга Рысбекке окшогон жигиттер керек!!!!
+6
Patriot...kg
2015-05-10 10:11:27
Бечара Рысбек. Патриот жигит элеңез
+5
Xabibbullo
2015-05-10 13:35:56
Рыспек Акматбаев Кыргыздын таза патриот жигити эле ээх жашоо. Жакшы кишилерди ушинтип эрте алып кетет экен.
+4
jetinur90
2015-05-10 23:30:59
Кайран Рысбек. Бул чыкканда чечендер,чиновниктер кирчу жерине кирип,кысчу жерин кысып калчу эле...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан