Жылнаама, 11-май: Мындан 42 жыл мурун легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 47 жаш курагында каза болгон

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 47 жаш курагында каза болгон. 
Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (аз. Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан баштап башкы солист болуп иштеген. 1949-жылы Фрунзедеги (аз. Бишкек) хореографиялык окуу жайына педагог болуп ишке кирген. 
Бүбүсара Бейшеналиева Кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-чакырылышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы композитор, акын, продюсер Константин Меладзе Грузиянын Батуми шаарында туулган. Ал 2000-жылы Дмитрий Костюк менен биргеликте "ВИА Гра" тобун түзгөнү менен белгилүү болгон. Андан сырткары анын ырларын Алла Пугачёва, София Ротару, Кристина Орбакайте, Валерия, Ани Лорак, Вера Брежнева, Полина Гагарина, Анастасия Приходько, Григорий Лепс, Таисия Повалий, Верка Сердючка, "ВИА Гра", "БиС", "Инь-Ян" топтору аткарып келишкен.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы “Барселона” футболдук клубунун оюнчусу, испаниялык футболчу Андрес Иньеста Испаниянын Альбасете провинциясында туулган. Испаниянын курамында 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиону аталган. “Барселонанын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 3 ирет (2006, 2009, 2011), Испаниянын чемпиондугун 5 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011) жеңген. “Барселона” үчүн 533 оюнда 53 гол, Испания үчүн 102 оюнда 12 гол киргизген. 2012-жылы Андрес Иньеста УЕФАнын версиясы боюнча "Европанын мыкты футболчусу" деп табылган. Бул наам үчүн күрөштө Иньеста мүмкүн болгон 54 добуштун 19ун алып, аргентиналык Лионель Месси (17 добуш) менен португалиялык Криштиану Роналдуну (17) артка таштаган.
11-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан