Пакистанда элчилер бараткан тик учак кырсыкка учурап, 2 элчи каза болду

8-майда Пакистанда элчилер бараткан аскердик тик учак кырсыкка кабылып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка таянсак, каза болгондордун экөөсү Норвегия жана Филиппин өлкөлөрүнүн элчилери, экөө Малайзия менен Индонезиянын элчилеринин жубайлары болгон. Калган үч адам экипаж мүчөлөрү экени айтылды. Ал эми Пакистандын Тышкы иштер министрлиги кырсыктан 10 адам жаракат алганын, анын ичинде Польша, Нидерланды, Канада, Ливия, ТАР жана Румыниянын элчилери болгонун жарыялап чыкты. 
Пакистандын Коргоо министрлиги тик учак техникалык себептерден улам кулаган болушу мүмкүн экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kadamjai90
2015-05-09 05:26:39
Jaman bolupturgo
0
Dadasdasd
2015-05-09 05:51:39
Кудай сактасын
0
mirbek2211
2015-05-09 10:05:25
Жандары жаннаттан болсун!
0
suiuktuujar
2015-05-09 11:20:15
жакшы иш болбоптур жаман болуптур.
0
kadamjai1977
2015-05-09 15:37:13
Жегичтер кетиптир кантсе да жайлары жаннаттан болсун.
0
AFRODITA-89
2015-05-10 14:59:25
кырсык каш кабактын ортосунда демекчи Кудайым сактасын! Арты кайырлуу болуп жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан