Нарын. Нарында карышкырларды жок кылууга каршы аракеттер жүрүүдө

Нарын облусунда карышкырдын малга кол салуусу күч алып жаткандыгына байланыштуу бул жырткычка каршы аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Облус башчысы Канатбек Муратбековдун демилгеси менен Аңчылык департаменти чет элдиктерге мергенчилик иш-чараларды уюштуруучу "МК Травел" ишканасы менен сүйлөшүүлөр болуп, тик учак менен карышкырларга аңчылык кылуу жүргүзүлдү. 15-февраль күнү Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө 3, Эки-Нарын аймагынан 2 карышкыр атылды. Коргоо министрлигине таандык тик учакка кеткен каражатты "МК Травел" ишканасы төлөгөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан