Кыргыз Республикасынын Президенти-Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекетинин элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоо сөзүн "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев окуп берди.
Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу мекендештер! Ардактуу ардагерлер!
Жолдош жоокерлер жана сержанттар! Офицерлер жана генералдар!
Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ардактуу ардагерлер, сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 70 жыл болду. Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, жеңиш менен кайттыңыздар. Оорукта күн-түн дебей эмгектендиңиздер. Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы турмушка жол ачтыңыздар.
Кан жыттанган каардуу согуштан улам алыстаган сайын Улуу Жеңиштин мааниси бийиктеп, даана көрүнүүдө. Чындыгында эле бул Улуу Жеңиш! Жакшылыктын жамандыкты, жарыкчылыктын караңгылыкты жеңиши! Тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш!
Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери!
Кылымдарды карыткан кыргыз эли эзелтен жоокерчиликти, намысты туу туткан. Тизелеп жашагандан тикесинен тик туруп өлгөндү артык көргөн. Силер ошол байыркы бабаларыбыздын улуу салттарын татыктуу улантуучу жоокерлерсиңер. Ар дайым элибизди, мамлекетибизди, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр болгула.
Кыргыз мамлекетинин эли учурда кайра жаралуу доорун баштан өткөрүп, келечекке зор ишеним артып турат. Биз көп сыноолордон өтүп, адилеттүү, эркин мамлекет куруунун кенен жолуна түштүк. Өлкөбүздүн келечеги кең. Элибиздин жакшы турмушка, адилеттүү мамлекет курууга умтулуусун эч бир күч майтара албайт.
Эгемен кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнүн каарман жоокерлери жеңишчил, жаратман муундун салттарын татыктуу улантып, тынчтыктын, коопсуздуктун сакчылыгында бекем турасыңар деп ишенем!
Урматтуу мекендештер!
Улуу Жеңиш биринчи кезекте көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эч качан эстен чыгарбайлы. Достугубузду, эл ынтымагын арттыралы. Ынтымак, тынчтык жана туруктуулук эгемендүү өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыз кылууда эң негизги шарттардын бири экендигин унутпайлы. Даңктуу тарыхыбызды урматтайлы. Улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу уланталы. Ардактуу ардагерлерибизди камкордукка алып, алардын татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзөлү.
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм! Мамлекетибиз тынчтыкта жана биримдикте гүлдөп-өнүгө берсин!
Урматтуу мекендештер!
Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!"