Спортчу, актёр Жанат Муратов үй камагына чыгарылды

Телеалпаруучу Назира Айтбекованы тамашага салууга байланыштуу козголгон кылмыш иши учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралууда. 19-февраль күнү кезектеги сот отуруму өтүп, күбөлөрдүн жана айыпталуучу Жанат Муратовдун көрсөтмөлөрү угулду. Спортчу-актёрдун жактоочусу соттун мурунку отурумунда Жанат Муратовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн киргизген эле. Судья Нурбек Эсеналиев жактоочунун дагы бир ирет көтөргөн өтүнүчүн канааттандырып, Жанат Муратовду эч кайда кетпөө милдеттенмеси менен үй камагына чыгарды. Мындай чечимге анын багуусунда ымыркай баласы бар экендиги, бир нече тараптардан берилген үлгүлүү жүрүм-туруму боюнча мүнөздөмөлөр, бир нече режиссёрдун кепилдиги да түрткү болду. Иш боюнча кийинки отурум 26-февралга белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан