Чагымчыл маалымат тараткан 17-25 жаштардагы эки жаш жигит жана бир кыз кармалды

WhatsApp аркылуу чагымчыл маалымат тараткан үч адам кармалды. Бул тууралуу 9-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү билдирди. 
Маалым болгондой, чагымчыл маалыматты 17-25 жаштардагы эки жаш жигит жана бир кыз таратып жүргөн. 
Кармалгандар мындан 3 күн мурун WhatsApp аркылуу "7, 8, 9-май күндөрү өлкөнүн түштүк аймагында кагылышуу чыгып кетиши мүмкүн, сак болгула" деп маалымат таратышкан. 
"Ош шаарындагы улут аралык кагылыш тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. ИИМ ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, жакын арада Ош шаарынын базарларында имиштерди таркатып жүргөндөрдү кармады. Ал эми кармалгандар менен милиция кызматкерлери алдын алуучу маектерди жүргүзүп, тийиштүү документтер толтурулууда жана материалдар юридикалык баа берүү үчүн иликтөө органдарына өткөрүлөт",- деди басма сөз өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Isanov
2015-05-09 23:27:39
Негизинен баарын коруучу АЛЛАХ
+1
kama_future_millioner
2015-05-09 23:36:45
Бузукулар буларды жазалаш керек
0
Kursan58
2015-05-09 23:39:18
turmodo chiritish kerek alardy
0
rusalka.kgz
2015-05-10 00:18:47
maga da keldi ele uwundai sms uidon chykpai oturup kaldyk ele..
0
gitaris93
2015-05-10 02:07:53
Шүмшүктөөр.
0
Meruet84
2015-05-10 07:26:11
Адам айткандай эмес, Аллах айткандай болот деген ушуда .
+2
hairullo
2015-05-10 09:21:29
Супер-инфо ушуларды газетанарга да жазып чыгыныздарчы, сураныч. суротторун кошо чыгарсанар дагы бузукулук кылам дегендер кыла алышпай калсын.
+3
Tahminam
2015-05-10 10:36:20
шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
0
aisha869513
2015-05-10 12:57:47
Tahminam, мына буларга окшогондор чопко тийсе шамалсыз деле кыймылдайтда
0
jazy
2015-05-10 13:45:55
Магада келген через ватсап аябай кыжалат болуп жаман болдум кайра ошол жоноткон адамга ким айтты десем кыргызстанда ошондой создор журот экен деп жооп жазган кудай сактасын тынчылык эле болсун
+1
adonis98
2015-05-10 17:00:17
Мага да жонотуптур биролор кол бош эмес жумуш болот дегем;)))
0
baba.
2015-05-10 18:24:13
Бизда окуп кыжаалт болгонбуз.жалган болгону чын болсун.нервтин кеткенин айтпа....
0
upol92
2015-05-10 19:20:07
Мендагы угуп аябай ойлонгомун. Тынч Эле болсунчу
0
zarifa_love
2015-05-10 21:54:44
ХХХ ХХХ ХХХ... Кыргызстан томожный союзга кошулганы тукралуу ачык туз жанылык бергилечи отунуч. биз кечкери силерди карап отурабыз. ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-05-11 16:48:35
zarifa_love - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ал эми Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча төмөндөгу шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/111555/
0
zarifa_love
2015-05-10 21:58:34
Зордуктагандарга Жогорку жактан катуу жаза беришпейт.
0
karona
2015-05-11 18:37:08
Аферисттерди катуу жазалаш керек, акчалай чон суммадагы штрафты дагы кошумчалаш керек, ошондо "БЕЗДЕЛЬНИК АФЕРИСТТЕР" бир иш кылаарда ойлонуп, анан кылышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан