19-февралда президент Алмазбек Атамбаев "КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 19-январында кабыл алган. Кол коюлган мыйзамга ылайык, кесиптик орто же кесиптик жогорку билимге ээ болбогон адам аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт.