Ырчы Гүлжигит Калыков концертинде коноктордон бир нече купуя кат алып, “Сезим ыргагы” аттуу ырына клип тартып алууга жетишти (фото)

Бүгүн, 10-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Калыковдун жеке концерти өттү. Ырчы сахна көшөгөсүн ырларынын микси менен ачып, кыргызча, орусча жана итальянча ырларды аткарды. “Гүлжигиттин концертин көпкө чейин күттүк” деген коноктор кумирине жакшы сөздөрүн айтышып, гүл, белек жана купуя каттарын берип жатышты. Алар менен бирге Сокулук районунун башчысы да кече ээсине ыраазычылык катын тапшырды. 

Концертти Максат Тынаев менен Кубат Кубанычбеков кыргыз-орус тилдеринде алып барышты. Көптөгөн эл аралык сынактардын жеңүүчүсүнүн концертине сахналаш достору Арсен, Токтобек Асаналиев, Самара Каримова, Назгүл Токтакунова, Бегиш, Баястан, Айбек Замиров, Жийдеш Идирисова, Нурсултан Азыкбаев жана жаңы чыгып келе жаткан ырчы Аяни келип, кечени шаңга бөлөп жатышты. Ал эми концертти "We’ll be", “Ханыша”, “Керемет” жана башка бийчилер тобу коштоду

Айта кетсек, Гүлжигит бүгүн күйөрмандарына “Саат жебеси” жана “Сезим ыргагы” аттуу жаңы жазылган ырларын аткарып, биринин клибинин үзүндүсүн залда отурган коноктордун жардамы менен тарттырып алды. Гүлжигит Калыков муну менен жеке концертин 3-ирет өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nurtai
2015-05-11 02:11:05
Krasavchik Guljigit!!!
+2
aziret-92
2015-05-11 02:44:43
Бул кайсы ырчы?
Кайсы ырлары менен белгилуу.
-5
rabia
2015-05-11 04:36:57
aziret-92, медиа порталга кирип коз жугуртуп , чыгармачылыгы мн таанышып алсаз болот ... Кээ бир лампочкаларга салыштырмалуу ,кыргыз эстрадасын дуйнолук сахнага алып чыккан инсандардын катарын толуктайт..
+4
Dadasdasd
2015-05-11 05:32:45
aziret-92,сен ото алдыга кеткенсин же ото артта калгансын . Озун 92 болсон кантип Гулжигитти тааныбайсын .
+2
aziret-92
2015-05-11 11:28:17
Dadasdasd,

Тааныбасам тааныбайм дейм да,тааныбаган учун сурап жатам...
+1
aziziko
2015-05-11 23:50:33
aziret-92, сен Мирбек Атабековду да тааныбайсын го анда
-1
Bors
2015-05-11 22:16:26
aziret-92, Гулжигит Сатыбековту кантип тааныбайсын, Исфана агентеги махабат короче азыр бут Кыргызстан тааныйтко сен кантип тааныбайсын.
-1
raxatka
2015-05-11 05:40:57
Кыргыздын чыныгы таланттуу мырзасы)) концерт аншлаг менен отсо керек? Ийгилик
+2
Isanov
2015-05-11 06:05:34
Алга. Достор менин "Жазгы жамгыр", "Карындашым" ырларым бар ырчыларга кантип сатсам болот?
+1
Eraly___
2015-05-11 11:10:55
Isanov, ырчылардын админдерине кайрылуу зарыл.
0
kirgizstan
2015-05-11 17:01:19
Isanov, менда ушул суроо боюнча кайрылгым келет эле Менде да жакшы ырларым коп кантип берсе же сатса болот
0
Bors
2015-05-11 11:49:36
Мен концерте кооптонуп барбадым
0
Nuranna_93_kg
2015-05-11 18:21:57
Жааным го жаным...)))Ар бир ыры менин журогумун тупкурунон орун алган.Ден.с уй-булолук бакыт, чыгармачылыгынызга ийгиликтерди каалайм.
0
karona
2015-05-11 18:33:07
Молодец!
0
Sadyrov_n93
2015-05-11 22:51:07
Таланттуу ырчы мырза.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан