Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Нурбек Түлөгабылов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка19-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол
койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык
саясат бөлүмү билдирет.