Ош шаарында болгон өрттөн эки адам күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 10-май күнү “Петролеум” май куюучу бекетинде болгон. Анда ширетүү иштерин жүргүзүп жатышкан 28 жаштагы Равил Сагитов жана 26 жаштагы П.Нуридинов денесинен күйүк алышкан. Учурда алар ооруканада.