“Ак шоола” балдар хору Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык ыр-бий сынагына катышып, баш байгени утуп келди. Анда кыргыз мамлекетинин желеги астында 5 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 40 бала жаш курактарына жараша үч топко бөлүнүп, өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Композиторлор союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынак 2-майда башталып, жыйынтыгы 9-майда чыгарылды. Анда 5 жаштан 7 жашка чейинки курактагы катышуучулар арасында жана 7-10 жашка чейинкилерде кыргыз жеринен барган таланттар 1-орундарды багындырышты. Ал эми 10 жаштан жогорку курактагы жаш таланттар болсо баш байгени багынтканга жетишишкен. Аларга баш байгени "Мен кыргыздын уулумун" деген аталыштагы чыгарма алып келген.
Кошумчалай кетсек, хорду Түркияга КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Гүлмира Эсенгулова жетектеп барып келди.