Чүй облусундагы “Ак-Жол” бажы постунун кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-апрель күнү аталган бажы постунда У.Б. аттуу жарандын башкаруусундагы унаа токтотулган. Анда эч кандай уруксат документтери жок күйүүчү май болгон, бирок кармалган жүктү бажы постунун кызматкерлери текшербестен өткөрүп жиберишкен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.