Ошто кызганычтан улам жигити сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп жиберген

Ошто кызганычтан улам жигити сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп жиберген. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 8-май күнү Анар кичи районундагы №1-үйдүн №57-батиринде болгон. Анда 1991-жылы туулган М.К. ошол батирде жашаган 1983-жылкы Мээрим Атабаеваны 4-кабаттан түртүп жиберген. Натыйжада 32 жаштагы Атабаева алган жараатынан улам ооруканадан каза тапкан. 

Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.К. кармалган. Ал сурак учурунда Мээримди кызганычтан улам түртүп жибергенин айткан. Ошол күнү экөө Ноокат районундагы тойго барышып, ал жактан чырдаша кетишкен. Анан маселени чечүү үчүн үйгө келишкен.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Aidar.001
2015-05-11 15:22:56
Жинди го ботом, апасынан эле 5, 6 жаш чон аялды да кызганып ошентеби, бул жерде башка бир себеп болушу мумкун, тоноо фактысына окшогон.
0
mira28
2015-05-11 15:23:00
Тообо кылдым жаш бала чон аялды кызганып эмне деген шумдук чындыгында акыркы мезгилде заман озгоруп баратат
+1
LAGLAN.KG
2015-05-11 15:34:56
mira28 чон кыз заман озгорбойт адам озгортуп жатат заманды
+14
kirgizstan
2015-05-11 15:50:29
Жигити суйлошкон кызын дейтко Тооба кандай жигит Озунон чон аял менен суйлошот тушунбойм кыргызда жакшы макал барго тен тени менен тезек кабы менен озунун тени калбаптырбы кыздын да баланын да
+2
Shai
2015-05-12 08:55:54
kirgizstan,Кагазга ороп айтканда суйлошкон кызы деп атышпайбы, болбосо ойношу десе уятыраак болуп калмакта. Тообо ойнош оттон ысык, кала берсе ... сасык деген туурада.
+2
janna95
2015-05-11 15:54:37
Жайы жанната болсун жаман иш болуптур
+1
Nurlankg92
2015-05-11 15:55:04
Суйуу жаш карыга карабайт, суйгонун ХХХ ХХХ ХХХ...
-4
tynara81
2015-05-11 16:51:16
Nurlankg92, тез арада ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-05-12 13:04:40
Nurlankg92 - эскертүү!
Сиз жазган билдирүү коомдук адепке туура келбейт.
tynara81 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
0
admin_portal
2015-05-11 16:54:22
maksymtegin, саламатсызбы!
Кабар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын берген маалыматы боюнча жазылган. Мүмкүн болсо купуя аркылуу байланышсаңыз.
0
Bors
2015-05-11 17:28:57
Кандай болгон кундо да даман иш болуптур. Тиги эшекти катуу жазалоо керек. Эки жашабай озунун омурунун шагын сындырдыда эми турмодон киши болгондо чыгасын.
0
kumushai-kg
2015-05-11 21:10:00
Тушунуу кыйын жигити кызыны туртуп жибергенине!!!
-1
edil.kg
2015-05-11 21:36:34
иним кызганычтан деген созуно тушунбодум сен бала соо эмессигоо чиркин сенден 8жаш чонго бул аял
0
femidakg
2015-05-12 09:28:44
Кызганыч эмес го бул жерде, ошо кантип болсун апасындай аялды кызганып.
0
nurzada78
2015-05-12 11:49:47
Кыз жигит десе,мен ойлопмун 18-19жашта окшойт деп,аял 32жашта,ойношу 24жашта турбайбы!"Ойнош оттон ыссык,боктон сасык"деген соз туура айтылган!Аялдын жаткан жери жайлуу болсун!Билип,билбей кылган куноолорун кудайым кечирсин!
-1
suiuktuujar
2015-05-12 20:28:37
Иии кудай десе кызганычтын балакетин аласынбы деймда.
0
suiuktuujar
2015-05-12 20:29:28
келиндин жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан