"Ош шаарында Мырзакматовдун агасы менен бирге алдамчылыкка шектелгендердин бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон". Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, май айынын башында Ош шаарынын мурдагы башчысы Мелис Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мырзакматов жана төрт адам алдамчылыкка шектелип кармалган. Алар бекер батир алып берүүнү убада кылышып элден акча алышкан, бирок убадалар аткарылган эмес. Учурда алдамчылык аракеттерден улам жабыркагандардын саны 27ге жетти.
Кармалгандардын бири Б.А. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон.