Кытайлык миллиардер өзүнүн кызматкерлерине жомоктогудай белек жасап, "Гиннесстин рекорддор китебин" жаңылады

Кытайлык миллиардер өзүнүн кызматкерлерине жомоктогудай белек жасап, "Гиннесстин рекорддор китебин" жаңылады. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда чет элдик басылмалар жарыялашты. 

Белгилүү болгондой, 57 жаштагы кытайлык миллиардер Ли Цзиньюань өзүнүн ири ишканасында эмгектенген жамааттын жарымынан көбүн, башкача айтканда, 6400 адамды Парижге 4 күндүк эс алууга алып келген. Мындай чоң делегация бул өлкөдөн биринчи жолу келгендиктен, "Гиннесстин рекорддор китебине" дароо кирген.

Алар үчүн Франциянын борборунда 140 мейманкана брондолуп, ал эми Лувр музейи кытайлык делегациянын келишине байланыштуу башкалар үчүн бир күнгө жабылган. Канны жана Монакодо 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалар иштеп, Франциянын Ницца шаарына туристтерди жеткириш үчүн 147 автобус жалданган.

Ошондой эле Франциянын белгилүү Променад Англез жээгинде Кытайдан келген туристтер эң узун сүйлөмдү жазуу үчүн тизилишип, дагы бир рекордду жаңылашты. 

"Forbes" журналынын берген баасы боюнча Ли Цзиньюандын жалпы байлыгы 1 миллиард долларга тете. Ал эми анын кызматкерлери үчүн жасаган жомоктогудай белеги, эсептөөлөргө ылайык, 33 миллион еврону түзгөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Medina87
2015-05-11 19:57:50
Атын чыкпаса жер орттооооо...
-1
Taku.14.02
2015-05-11 20:03:44
кайдан билесин бул жардам берип жургон оз элине кыйналган учурда жумушчулар кыйналып иштегенин билип колдо корсотконуно рахмат канчалаган чондор айлыгын бербей жумушчуларынын крисиз деп журушот
+1
edu.kg.
2015-05-11 20:37:56
Укмуш соз жок! Канчалык бай болсон да ушинтип жонокой жарандарга белек кылсан кандай сонун! Биздикилер белек кылмак турсун чакырган конокторун шомтуротуп жаанга таштап салышат.
+1
bossmos7
2015-05-11 20:47:07
edu.kg.,Бекер эмес ! Бул!
0
osusapar
2015-05-11 21:10:05
Молодец кытай экен
0
nurik2103
2015-05-11 21:53:50
1 милярддын ичинен 33 милион емне болуп калыптыр, бирок еркек екен, өөткөндө бир кытай милярдер кичинекейинде жашаган айылындагы айылдаштарынын баардыгына үй куруп берген еле
0
bossmos7
2015-05-11 22:46:53
Кыргыздар даагы бутка туруп ! Оз жарандарына шарт тузушу керек! Мисалы Алишер Усманов бутун дуйного "Чайханга" окшогон ашкана тармакты ачкан.! Мына ашпозчулары бутун коншулар.) Баарына жумуш табылган.) Азамат киши экен!
-2
talasik
2015-05-11 22:59:06
Баракелде бай болбосон боло кал
0
boston___
2015-05-12 00:28:54
Мактоого татыктуу адамкен канчалаган адамдын конулун алып кыялдарын орундатыптыр алла разы болсун озун барганданда коллектив менен чогуу барган соонун болот орусча айтканда весело будет:-)
0
Sharipa-asia
2015-05-12 01:50:02
Кантип байышат экен ушундай адамдар
0
Aidar.001
2015-05-12 22:28:04
Sharipa-asia, булардын тамырынан болуп келген болсо керек байлыгы
0
aligator93
2015-05-12 02:02:57
биз жеп кийип колдонуп .ушул сайттарга кирип жаткан апапраттарыбыздан бери кытай да ушулар чыгарат да кантип байыбасын анан
0
ailam14
2015-05-12 02:36:02
Кандай сонун! Жыргашыптыр да жумушчулары
0
SherhaN
2015-05-15 09:08:02
эхх менин да ошончо акчам болгондо 6000 эмес жок дегенде 600 адамды Ажыга жибермекмин
0
soccer_boy95
2015-05-18 11:56:01
Кыргызстанды сатып алса болчудай экен,чиркин!
0
asdf
2015-08-25 09:59:53
Биздин жетекчибиз жыл сайын чет мамлекет болбосо да Ысык колго 3 кунго эс алдырат. Келечекте чет мамлекетке жоноткусу бардыр.

0
Mekuza92
2016-08-28 18:58:29
Дагы бир миллярд кошулду кампасына...акылдуу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан