Ош шаарында таксисттердин бирин 500 сом, экинчисин 180 сом үчүн өлтүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-май күнү Папан айыл аймагынын Кара-Көл жайлоосунда 1952-жылы туулган Ибрахимжан Алимовдун жансыз денеси табылган. Анын белгисиз адамдар тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Араван районунун 3 тургуну кармалган.
Алардын айтымында, 7-май күнү такси кызматында иштеп жүргөн Алимовду жалдашып, белгиленген жерге жеткирип коюуну суранышкан. Ага макул болгон таксистти эл жок жерден муунтуп өлтүрүшүп, жанындагы 500 сомун жана уюлдук телефонун алып кетишкен.
Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын дагы бир таксисттин өлүмүнө тиешеси бар экени аныкталган. Алардын айткандарына караганда, 12-январь күнү таксист Кубанычбек Исмаиловду муунтуп өлтүрүшүп, 180 сом акчасын жана телефонун алышкан.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.