Абдырахман Маматалиев Ош шаардык милициясы менен туруктуулукту сактоо маселесин талкуулады

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 11-майда Ош шаарында иш сапары менен болуп, Ош шаардык жана облустук милициянын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Мындан тышкары УКМКнын аймактагы башкы башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши менен таанышканын өкмөттөн билдиришти. Иш-чаранын максаты - өлкөнүн түштүк аймагында туруктуулукту сактоо жана күч органдарынын ишин жакшыртуу. 
"Түштүк аймактагы облустарда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өкмөт тийиштүү иштерди улантат",- деп билдирди Маматалиев.
Вице-премьер 12-13-май күндөрү Баткен облусунда болору айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан