19-февралда төрага Асылбек Жээнбеков Чүй облусунун тургундарын кабыл алды. Аксакалдар төрагага кыргыз парламентинин шайлоочулар менен иштөө жана мыйзам чыгаруу боюнча жүргүзүп жаткан ишине ыраазычылык билдирүү максаты менен келгендигин айтышты. Жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий абал, туруктуулукту бекемдөө, тынчтыкты сактоо багытында сөз болду. Ал эми төрага аксакалдарга ыраазычылык билдирип, кыргыз мамлекетин калыптандыруунун татаал мезгилинде улуу муундун өтөгөн эмгеги менен топтогон бай тажрыйбасы Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүндө бекем пайдубал боло тургандыгын баса белгиледи.