Темир Сариев: "Мыйзамдуу иштеген ишкерлерге шарт түзүп, мыйзамсыз иштегендерге катуу санкцияларды колдонобуз"

"Биз мыйзамдарга ылайык иштеген ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп беребиз, мыйзамсыз иштеген бизнесмендерге абдан катуу санкциялар колдонулат",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 11-майда Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушууда. 
Сариев коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларга тийиштүү көйгөйдү көтөрдү. Улуттук банк валюталык рынокто чайкоочулукка жол бербөө үчүн аталган мекемелердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүшү керектигин белгиледи. "Лицензиясыз иштеген акча алмаштыруучу жайларды текшерүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу керек жана Улуттук банк менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын алакасын күчөтүү зарыл",- деди өкмөт жетекчиси. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан