Бишкекте унаа уурдоого шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-май күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 42 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 5-май күнү белгисиз адамдар күч колдонуп унаасын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 3 тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.