Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт болгон.
Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушундагы турак үйдө өрт чыгып, үй оокаттары күйүп кетти.