Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунун 448-чакырымында жол кырсыгы болуп, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-майда саат 07:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Аксы-Келдиш тилкесинде болгон. Анда Хонда Аккорд унаасы жолдон чыгып кетип, тереңдиги 50 метр болгон аңга түшүп кеткен. Анын кесепетинен 3 адам каза таап, 1 адам жабыркаган.

Каза тапкандар:

1.Өмүркул Сүйөркулов, 1989-жылы туулган.

2.Азизбек Сыдыков, 1972-жылы туулган.

3.Аты-жөнү такталууда.

Ал эми 1989-жылы туулган Азамат Эргешов учурда Таш-Көмүр шаарындагы ооруканада. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mendibay
2015-05-12 11:17:21
Жайлары жанатан болсун.
0
edil.kg
2015-05-12 11:48:01
Алланын буйругу экенда жанаттан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан