“Бишкекте Жеңиш парады учурунда жардыруу болот” деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды

“Бишкекте Жеңиш парады учурунда жардыруу болот” деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, жалган маалымат тараткан адам кыргыз жергесинин жараны болуп чыккан.

Учурда кармалган адам КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 228-беренесине ылайык кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Мындай жалган маалымат тараткандарга карата 1-3 жылга чейин камакка алуу каралган.

Бул адам жетекчиси менен уруша кетип, арак ичип мас болуп алып ушундай жардыруу болот деп жалган маалыматты айтуу оюна келген”,- деди Мамбеталиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azura
2015-05-12 14:49:49
Мен да вотсапта алгам жардыруу жонундо
0
jetinur90
2015-05-12 15:28:22
Оозуна коргошун куйса илгеркидей кылып
+1
Bors
2015-05-12 16:15:19
Эми айтса айткандыр анын эмнеси бар экен. Мумкун чындан эле жардыруу болгондо эмне болмок. Ал адамга медаль берет беле? Же ошону уккан эл параддан качып кетиштиби чондор оздору касты окшойт жамгырдан байкуш ветерандарды жаанга калтырып. Ээй качан адам болобуз.
-1
bom.bon
2015-05-12 16:27:55
Озу пышырган ашты озу жейт эми!ойноп суйлосо да ойлоп суйлобоптур канча адамды тынчын алды!
+1
Maksat81
2015-05-12 18:52:12
Чала молдо неме го. Динди аралаштырып жаткан болчу ал чагымчы, "Америка мусулмандарды жардырган жатат " деп ватсапка чагым таратып.
0
suiuktuujar
2015-05-12 20:00:13
Өзу казган орого өзу тушуптурда ушинтип элди дурболонго салып не пайда табат деймда.
0
bakyt_2015
2015-05-12 21:05:00
Оозуна кытайдын тарсылдагынан бирди куйгузуп салып койушса экинчи жардыруу тууралуу суйлобой калат.
0
Urmat-1989
2015-05-12 22:19:46
манкурт болуп калганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан