Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-май күнү Кызыл-Бирлик айылында 44 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 42 жаштагы Д.Н. кармалган.

Ал сурак учурунда ошол күнү майрамдап спирт ичимдигин ичишкенин жана экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бычак менен сайып салганын айткан.

Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tata_Tabaldiev
2015-05-12 13:55:50
Олгон адам менин жездем эле. Кече жерге бердик((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан