ИИМ: "Украинада согушта жүргөн кыргыз жарандары тууралуу так маалымат жок"

Ички иштер органдарынын Украинада согушта жүргөн кыргыз мамлекетинин жарандары тууралуу так маалыматы жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Райимжан Салимов билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз жарандары Украинадагы согушка катышып жатканы тууралуу маалымат каражаттарына тараган видео боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Интернеттен жана башка булактар аркылуу Украинада кыргыз жарандары башка согушчан адамдарга кошулуп жүргөнүн билебиз. Бирок азырынча алар жөнүндө так маалымат жокко эсе. Муну менен катар алардын жалпы саны да белгисиз, учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”,- деди Салимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elif
2015-05-12 14:38:24
kırgızdardın jurbogon jeri jok...
+1
Amantur.
2015-05-12 19:59:49
Мына сага пул заман! Пул берсе болду деген кул заман!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан