КРнын Улуттук статистика комитетинде 18-февралдан 22-февралга чейин “Мамлекеттик тил жумалыгы” деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул аптада мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө салым кошуучу “Тамга-Кит” (интернет айдыңында кыргыз тилин колдонуу) программасын колдонууну жайылтуу, аталган комитеттин китеп текчесин сөздүктөр менен толуктоо жана талаш жаратып келген терминдерди которууга өкмөт түзгөн жумушчу топко сунуш жөнөтүү иштери болмокчу.