Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал “Нур-Күч” коомдук бирикмесинин жетекчиси У.Н. "жер тилкесин алып берем" деген шылтоо менен 25 600 сом алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган коомдук бирикменин жетекчиси кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.