Бүгүн, 12-майда Непалда кайрадан күчү 7,4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, жер силкинүү өлкө борбору Катманду менен Эверест тоосунун ортосунда катталган. Анын таасири Индия жана Ооганстан мамлекеттерине да жетти. Ал эми азырынча андан кыйроолор жана жапа чеккендер тууралуу маалымат жок. Айта кетсек, 25-апрелде Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 8 миңге жакындап калды.