Максат Сабиров Манастын күмбөзүн оңдоого акча чогултуу үчүн марафон уюштурууну сунуштады

Талас облусундагы Манастын күмбөзүн оңдоп-түзөө үчүн марафон уюштуруу керектигин депутат Максат Сабиров 19-февралда ЖКнын Билим берүү, илим комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат күмбөздүн абалы начар экенин айтып, өкмөт тарабынан эч кандай иш жасалбай жаткандыгын белгиледи. «Биз улуу жерди сыйлап, тарыхта кала тургандай байлык катары сакташыбыз керек. Манастын күмбөзүнүн азыркы абалы кандай экенин баарыбыз билебиз. Бул ишти өкмөт колго алышы керек же каражат чогултуу үчүн марафон өткөрүү зарыл»,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан