Ички иштер министрлиги: "Кичинекей баланы чечинтип, өпкүлөдү" делген жаран окуянын андай болбогонун айтууда"

Бүгүн, 12-май күнү Бишкек шаарынын Надежда Хохлова аттуу тургуну "Фейсбуктагы" өзүнүн баракчасына маалымат калтырган. Анда белгисиз адамдын кичинекей баланы чечинтип, өпкүлөп жаткан жеринен кармалганы жазылган. Ошондой эле Надежда Хохлова калтырган маалыматта кармалган адамдын молдо экени жана ал ушундай жол менен кичинекей баланын суу чечек оорусун (ветрянка) дарылап жатканы айтылган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда: “Окуя 11-май күнү Бишкектеги кичи райондордун биринде болгон. Шаар тургундары кармап алышкан адам кичинекей баланын жездеси. Ал эч кандай жаман нерсе кылбаганын жана окуянын андай болбогонун айтууда. 10 жаштагы бала жездеси, атасы, эжеси менен бирге турат. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bektur2
2015-05-12 17:28:33
Бала чындыгында суу чечек оорусу (ветрянка) менен ооруганы чын бекен.
0
formula12
2015-05-12 17:46:46
Ооруган кундо да ушинтип кантип дарыласын.Ата энелердин кайдыгер мамилеси тан калдырат.Ким билет бул орус аялдар коруп калбаганда мунун акыры эмне менен бутмок.
+1
Mr.enriiko
2015-05-12 18:50:57
орус аял озу озабоченный окшойт
Оюнда ар кандай фантазиясын иштетип ийген окшойт сыягы. Тукуруп жаткан деп жазышып жатпайбы.
0
Maksat81
2015-05-12 19:16:33
Ушинтип да дарыламак беле? эмдоодон качкан дагы бир байкуштар экен да.
+1
suiuktuujar
2015-05-12 19:56:19
Тооба адамдар бироонун жаман жагын эле чыгарып туралы деп калышканго тушунуп тушунбой ар нерсени жазышып.
0
aash
2015-05-12 21:45:45
Кыргызымдын ырым-жырымында чек жок, ошонун гана бирин жасап койсо керек. Байкуш аксакал бир орустун айынан жаман атты болду го.
+1
sarishka
2015-05-13 02:31:49
Chak tushto kochodo darilamak bele ushintip kirgizdar emne ele bolup baratabuz
0
Lenin
2015-05-13 11:12:14
Тушунуксуз окуя экен. Абышка экен го. Кайдагы педофилия болсун бул жакта.
0
jypar.i
2015-05-13 17:53:31
Lenin,чын эле, кыргызда бар го баланы жыттап,өпкүлөп жиберебиз го, 2орус оюндагысын кылат" болду окшойт
0
Izdeim_seni.
2015-05-13 19:15:10
jypar.i, эми опкулоп жибергенде шымын да чечип жибересинби? Орус оюна келгенин кылбай,силер оюнарга келгенди жаза берипсинер го. Анан тиги "молдоке "неге буту бутуна тийбей качат,бир нерсе болгон учун качты да.
0
Shpionka
2015-05-13 13:14:26
видеого тартыш керек болчу жашыруун. ошондо билмекбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан