Өкмөт башчы "Жер-Үй", "Талды-Булак-Сол-Жээк", "Бозумчак" кендериндеги көйгөйлөрдү талкуулады

Премьер-министр Темир Сариев "Талды-Булак-Сол-Жээк", "Бозумчак" жана "Жер-Үй" кендерин иштетүү маселеси боюнча бүгүн, 12-майда жыйын өткөрдү. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен Геология жана минералдык ресурстар агенттигине "Талды-Булак-Сол-Жээк" кениндеги комбинатты ишке киргизүү процессин тездетүү тапшырмасын берди. 
"Жер-Үй" кениндеги сынактын жыйынтыгына токтолгон өкмөт башчы мындай масштабдагы сынак өлкөдө биринчи жолу өткөрүлгөнүн, аталган кен Талас облусу үчүн гана эмес, республиканын экономикасы үчүн маанилүү экенин белгиледи. 
Өкмөттүн билдиришинче, калган кендерге тийиштүү көйгөйлөр да талкууланып, тармактык органдарга тапшырмалар берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан