Непалдагы дагы бир жер силкинүүдөн 17 адам каза таап, 150дөн ашык адам жаракат алганы айтылды

Бүгүн, 12-майда Непалда кайрадан күчү 7,4 баллга жеткен жер силкинүү катталып, кырсыктын кесепетинен 17 адам каза болуп, 150дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. 
Маалыматка таянсак, каза болгондордун жетөөсү Непалдын, ону Индиянын тургундары. 
Непал полициясынын расмий өкүлү Камал Сингх Бан кырсыктан каза болгондордун жана жабыр тарткандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтты.  
"Биз азырынча Синдхупалчок району тараптан 4 адамдын, Катманду тараптан 3 адамдын каза болгонун жана 150 адам жаракат алганын тастыктадык. Башка райондордон маалымат түшө элек. Ошондуктан каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны өсүшү мүмкүн",- деди полиция өкүлү. 
Ал эми Индиянын чыгыш тарабындагы Бихар штатында бир нече адам жаракат алып, 10 адамдын жансыз денеси табылды. 
Жер силкинүү өлкө борбору Катманду менен Эверест тоосунун ортосунда катталып, анын таасири Индия жана Ооганстан мамлекеттерине да жеткен. 
Айта кетсек, 25-апрелде да Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 8 миңге жакындап калды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bema_bema
2015-05-12 19:18:47
Ээ аллах тынчылык болсун
0
kama_future_millioner
2015-05-12 20:31:05
Бөдө кырсыктан сактай көр Аллахым
0
oskaridze
2015-05-12 23:34:49
каргыш тийген жергоо
0
Erkekterdin-erkegi
2015-05-13 16:22:52
жондон жон алла таллам жибере бербейт кырсыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан