Өзгөн райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-май күнү Башкы прокуратурага М.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Өзгөн райондук сотунун судьясы козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 500 доллар сурап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган судья 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.