
* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы саясатчы, обончу, аткаруучу
Ибрагим Жунусов Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Билими жогорку. 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган. 2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген. 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын Маданият жана туризм министри болуп дайындалып, 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулган. Ал эми 2014-жылдын 17-сентябрында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы орусиялык саясатчы
Владимир Жириновскийдин кыргыз өлкөсүнө кирүүсүнө тыюу салуу сунушталган. Мындай пикирди ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова билдирген. Себеби буга чейин Жириновский “Орусия кыргыз өлкөсүнүн карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы англиялык актёр, модель жана музыкант
Роберт Паттинсон Англиянын Лондон шаарында туулган. Ал 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка шыгы барын байкап, тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алат. Аталган тасмага тартылгандан бир жыл өткөн соң “Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга сунуш алган. Кийин “Күүгүм” тасмасында вампирдин ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы “Евровидение-2009” сынагынын жеңүүчүсү, норвегиялык ырчы
Александр Рыбак Минск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Александр 4 жашында ата-энеси Норвегияга көчүп кеткен. Осло шаарында музыкалык билим алган ырчы, скрипач 2009-жылы Москвада өткөн "Евровидение" сынагында жеңүүчү аталган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Түркиянын Сома шаарындагы көмүр шахтасында 787 шахтёр иштеп жаткан учурда жарылуу болгон. Кырсыктын кесепетинен 301 адам каза таап, 122 адам ар кандай жаракат алган.