Бишкек мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн демилгеси менен улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, эне тилин, маданиятын сактоого үндөө максатында шаардын Биринчи Май районундагы жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде класстык сааттар, фестивалдар, адабий кечелер өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чаралар 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулууда.
Айта кетсек, №54-орто мектепте 20-февралда саат 12:00дө, №27-орто мектепте 21-февраль күнү саат 11:00дө “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу фестиваль, ошондой эле №19-орто мектепте 21-февралда “Улут болсом тилим менен улутмун” аттуу адабий кече өткөрүлмөкчү.