Бүгүн, 20-февралда ЖКнын жыйынында "Кумтөр" маселеси каралат. Бул маселе боюнча аталган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулат. Буга байланыштуу жыйындын башталышында депутат Курмантай Абдиев камактагы Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселеси каралган ЖКнын жыйындарына катыштыруу тууралуу өтүнүчү бар экенин айтып, анын суранычын орундатууну төрагадан суранды. Төрага мыйзамдуулукту сактоо зарыл экенин айтып, Жапаровду жыйынга катыштырууга соттун чечими менен гана уруксат бериле турганын билдирди.