Катуу жааган жамгырдан улам Талас районунун Арал айылында 71 турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-май күнү саат 17:30 чамасында аталган айылда катуу жамгыр жааган. Анын кесепетинен 71 турак үйдү суу каптап, 4 үй авариялык абалда деп табылган. Ошондой эле бир сарай кулап калган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.