Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында кутурмага шектелген уйдун башы текшерүүгө жөнөтүлдү

Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында кутурмага шектелген уйдун башы текшерүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган айылдагы Акин Сакиев аттуу тургундун ую кутурма оорусуна шектелген. Мындан улам уйдун башы кесилип, кечээ, 12-май күнү Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертизациялоо борборуна жөнөтүлдү. Ал эми уйдун эти жана 4 иттин өлүгү ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык зыянсыздандырылып, 2 метр терендиктеги аңга көмүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан