Токмок шаарында болгон жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-май күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 13-май күнү саат 04:48 чамасында Шамшы жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа даракты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу, 1996-жылы туулган Адилет Муратов каза таап, 1996-жылы туулган Гүлзина Сармекова аттуу жүргүнчү кыз жабыркаган.