Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген 5 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 30 жаштагы Ж.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 18-апрель күнү саат 21:05 чамасында Көк-Жар айылындагы дүкөнгө белгисиз балдар кирип, сатуучуну коркутуп, кассадагы акчаны алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Э.И., 1998-жылы туулган Н.К., 1998-жылы туулган О.А., 1993-жылы туулган Б.А., 1994-жылы туулган Б.А. кармалган. Учурда алар тергөө абагына киргизилишти.