Жарандардын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин автоматташтырылган маалыматтык системи түзүлөт

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин автоматташтырылган маалыматтык системин иштеп чыгат. Мекемеден 13-майда билдиришкендей, максаты - кызыкдар мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды улуттук паспорттордун жарактуу же жарактуу эместиги жөнүндө актуалдуу жана ишенимдүү маалымат менен камсыздоо. "Реестр улуттук паспортту даярдатууга документ тапшырган жарандар тууралуу маалыматтарды камтыйт. Бул автоматташтырылган систем кызыкдар мамлекеттик органдарга жана юридикалык жактарга жарандын паспорту тууралуу ыкчам жана толук маалымат берүү үчүн маалыматтар базасынын сапатын жакшыртат",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан