Оштогу таксисттердин өлүмүнө шектелген төртүнчү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү 12-май күнү Бишкек шаарынан кармалган. Ал сурак учурунда Кубанычбек Исмаиловдун өлүмүнө катышканын мойнуна алып, төмөндөгүчө көрсөтмө берген:
“Ошол күнү суук болчу. Жамгыр жаап, баарыбыз үшүп калганбыз. Акча керек болуп, Хонда Фит айдаган таксистти жалдап, Алмалык айылына бардык. Ошол жерден кол салдык. Мен унаанын курун кесип, аны менен таксистти муунткам. Мындан улам ал эсин жоготуп жатып калды. Андан соң таксисттин колун кур менен таңып, каналга ыргыталы деп жатканда эсине келип кетти. Анан мен тепкенде каналга тоголонуп түшүп кеткен. Чөнтөгүндө болгону 180 сом жана телефону бар экен. Биз ылай болгон унааны жууп, Кулатов кичи районуна келдик. Ал жакта 180 сомдун 100 сомуна сыра ичтик, 80 сому менен үчөөбүз Араванга кетип калдык. Эгер акча тапсам Орусияга кетмекмин”,- дейт кылмышка шектүү.
Айта кетсек, 11-май күнү Ош шаарында “эки таксистти өлтүргөн” деп шектелген 3 бала кармалган. Алар такси кызматында иштеп жүрүшкөн Кубанычбек Исмаиловду жана Ибрахимжан Алимовду өлтүрүшкөнүн моюндарына алышкан.