СИЗОдо отурган Абдулла Юсупов 2 апта ичинде ага 7-апрелде Ак үйдөн алынып чыккан 16 миллион сом боюнча Азимбек Бекназаровго каршы көрсөтмө берүү талабы болгонун айтты. Юсуповдун айтымында, ага Башкы прокуратура жана УКМКнын өкүлдөрүбүз деген 15 адам келип, аталган сунушту айтышкан. Ал мындай маалыматты акыйкатчы Турсунбек Акун менен жолукканда билдиргенин, акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле Юсупов бул жолугушууларды №1-СИЗОнун мурунку башчысы Дөөлөт Султанкулов уюштуруп бергенин айткан. Айта кетсек, буга чейин "Элдик Кайрат" уюмунун өкүлдөрү Бекназаров 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдөн алынган 16 миллион сомдун жарымын өзүнүн жакындарына таркатып бергендиги тууралуу билдирип чыгышкан.