"Манас" аэропортунан башка адамдын паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны Бишкек-Стамбул багыты аркылуу учууга аракет жасаган. Бирок ал "Манас" аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү жайынан кармалган. Учурда кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.