Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы менен орточо маянанын суммасы 12 071 сомду түздү (чакан ишканаларды эске албаганда). Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, бул көрсөткүч 2014-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 8,4 пайызга көп.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын аягында орточо айлык акынын суммасы 11 057 сом экени айтылса, 2014-жылдын аягында орточо маянанын суммасы 12 151 сом экени маалымдалган.