Чаткал районунда сел агызып кеткен 950 койдун 120сы тирүү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чаткал районундагы бөлүм башчысы Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, сел райондун Кызыл-Токой айылынын тургуну Нурманбек Арзыматовдун 950 коюнан сырткары 5 бодо малын агызып кеткен.
"Сел агызып кеткен койдун 120сы тирүү, дагы 120сынын өлүгү табылды. Тирүү табылган койлор жарым жан болгондуктан, аларды союп, этин элге таратып берди. Калган 710 кой менен бирге 5 бодо мал табылган жок. Ошондой эле Арзыматовдун үйү да жараксыз абалда калган. Учурда ыкчам топ түзүлүп, келтирилген чыгымды эсептеп жатат",- деди Сулайманов.
Айта кетсек, сел 12-май күнү саат 21:00 чамасында катталган.