Депутаттар "Садыр Жапаровдун арманын угуп коёлу" дешти

Бүгүн, 20-февралдагы ЖКнын жыйынында "ата журтчу" депутаттар камактагы эл өкүлү Садыр Жапаровду жыйынга катыштыруу талабын коюшууда. Алар бүгүн каралып жаткан "Кумтөр" маселесине байланыштуу Жапаровдун пикирин угуу маанилүү экенин айтышууда. Депутат Дастан Жумабеков "Садыр Жапаровду бул жерге алып келип, анын пикирин угуп коюудан эч нерсе болбойбуз. Жапаровдун ичиндеги арманын угуп коюшубуз керек" десе, депутат Жылдыз Жолдошова "биз аны жыйынга катыштырууну суранбашыбыз керек, анткени мыйзам боюнча ал бүгүн бул жерде отурушу керек" деди. Башка "ата журтчулар" да Жапаровдун "Кумтөр" маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчётунда айтылбай калган сөздөрү бар экенин белгилешүүдө. Төрага мыйзамдан чыга албай турганын билдирип, бул сунушту сот чече турганын айтып, "мен соттун ишине кийлигише албайм" деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан