Абдырахман Маматалиев Баткендеги чек ара тозотторун кыдырды

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 13-майда Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара тозотторунда болду. "Айкөл" чек ара тозотунун иши менен таанышкан өкмөт өкүлү Тажикстан менен чектеш аймактарда мындан ары да тийиштүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берди. Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолундагы курулуш иштеринин абалын көрдү. 
Таш-Тумшук айылындагы милиция бөлүмүндө Маматалиев буларды айтты: "Өкмөт Баткен облусунда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн бекемдөөгө көмөктөшөт. Бул милиция бөлүмдөрүн оптимизациялоого жана ички иштер органдары жайгашкан имараттарды легалдаштырууга да тийиштүү". 
Вице-премьер "Кара-Бак" чек ара тозотунун ачылышына катышып: "Өкмөт чек ара тозотторун бекемдөө жана чек арада кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу үчүн баарын жасайт",- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан