Кара-Суу районунда сел калдыктарына толгон жол тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-майдан 13-майга караган түнү катуу жамгыр жаап, Төлөйкөн айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен 200 метр ички чарбалык жол сел калдыктарына толуп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине 1 экскаватор тартылып, кечээ саат 10:00дө жол ачылды.